КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Лебедев: дүйнөдө кайрадан глобалдык чыр-чатак чыгуу коркунучу жаралды

КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Дүйнөдө кайрадан глобалдык чыр-чатак чыгуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди.
"Тилекке каршы, дүйнөдө кайрадан глобалдык чыр-чатак чыгуу коркунучу турат. Анын жарчысы Украинадагы геосаясий тирешүү гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы абал, неонацисттик идеологиянын жана ксенофобиялык маанайдын жайылышы болуп жатат. Ушул фондо эл аралык террористтик уюмдар активдешүүдө", — деген Лебедев.
Анын КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 54-жыйынынын катышуучуларына жасаган кайрылуусун биринчи орун басары Леонид Анфимов окуду.
Башкы катчынын айтымында, "Крокус сити холлдогу" теракт КМШдагы интеграциялык процесстерге чакырык болуп калды.
Афганистандын Талибан аскерлери. Архивдик сүрөт
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Бортников: Кабулга тоскоолдук кылышпаса эле талибдер тартипти өздөрү орнотот