КРӨФ түзүлгөндөн бери 678 млн долларга 3 418 долбоорду каржылаган

Ушул жылдын 1-апрелине карата фонддун кредиттик портфели 337 миллион долларды түзүп, 710 долбоорду камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 2015-жылдан бери 678 миллион долларга 3 418 долбоорду каржылады. Бул тууралуу аталган фонддун аналитикалык департаментинин жетекчиси Сергей Фирсов Бишкекте өткөн ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 10 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Ал "Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун экономикалык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролу" аталышындагы доклад жасаган. Документте айтылгандай, 1-апрелге карата фонддун кредиттик портфели 337 миллион долларды түзүп, 710 долбоорду камтыйт.
"Фонддун иши башталган 2015-жылдан бери өлкө экономикасына өндүрүш, айыл чарба, гидроэнергетика, жеңил өнөр жай, туризм, саламаттык сактоо жана билим берүү долбоорлорун каржылоо аркылуу өлкө экономикасына 3 418 долбоор боюнча 678 миллион доллар салды. Фонд инвестициялык долбоорлор үчүн жеңилдетилген узак мөөнөттүү каржылоо берерин белгилөө зарыл. Уюм республиканын жети облусунда иш алып барат, ал каржыланган ишкана, жеке ишкерлердин жалпы кирешеси 121,7 миллиард сомду түзүп, 49 пайызга (2022-жылга салыштырмалуу) өскөн. Ал эми жалпы салыктык төлөмдөр 67 пайызга өсүп, 7,5 миллиард сомду түздү. Бул өлкө экономикасына түшкөн салыктык төлөмдөрдүн 4,1 пайызын түзөт", — деди Фирсов.
Ошондой эле ал КРӨФ инвестиция тартуу үчүн платформа болуп калганын кошумчалады.
ЕАЭБ ресурстары уюмдун азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздай алат