Кыргызстандык Илим Карыпбеков Эверест чокусун багындырды. Видео

Бийиктиги 8 849 метрди түзгөн Эверест же Жомолунгма — Жердеги эң бийик чекит.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. УТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков 23-майда Эверест чокусун багындырды.
Муну менен ал планетадагы эң бийик чокуга чыккан төртүнчү кыргызстандык болду.
1997-жылы мекендештердин арасынан алгачкылардан болуп Дмитрий Греков Эверестти багындырса, чокуга 2021-жылы Эдуард Кубатов, 2023-жылы Кадыр Сайдилкан чыккан.
Илим Карыпбеков соцтармак баракчасына аталган чокуга аба ырайынан улам жете албай, 4-5 күн даярданган соң кайра чыкканын жазып, Эвересттен элге кайрылуу жасаган.

"Убадамды аткарып жаркыраган Кыргызстандын желегин дүйнө чокусунда көтөрө алдым. Колдоочулардын баарына терең ыраазычылык билдирем", — деген ал.

Бийиктиги 8 849 метрди түзгөн Эверест же Жомолунгма — Жердеги эң бийик чекит.
Гималайга аттанат. Кыргызстандык альпинисттердин экспедициясы 7-сентябрда башталат