УКМК: Көлбаевдин тууганы адам уурдоого шектелип кармалды

Шектүү Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Камчы Көлбаевдин туугандары адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.Э.А. жана Ж.С.А. аттуу адамдар Көлбаевдин колдоосун пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн.
"Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан", — деди УКМК.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада факт боюнча шектүүлөрдүн бири Ж.Э.А. колго түшкөн. Ал Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
ЖКда Көлбаевдин Ататүрктөгү аукционго коюлган мүлкүн паркка кайтаруу талабы айтылды