Жыл соңуна чейин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык жыйынтыкталат

Кылым долбоору деп аталган объектинин курулушуна даярдык катары айрым жумуштар аткарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Камбар – Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштер жылдын этегинде жыйынтыкталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирип, эмне иштер жасалганын тизмектеди.
1 / 6

Камбар – Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштер жылдын этегинде жыйынтыкталат

2 / 6

Энергетиктердин негизги максаты — жыл аягына чейин даярдык иштерин бүткөрүү. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга багытталган даярдык иштери эки жылга пландалып, анда көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннель казуу, жол салуу жана аны бетондоо, электр зымдарын тартуу, жумушчулар учун убактылуу лагерь куруу каралган

3 / 6

Бишкек — Ош унаа жолунун 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭС участкасына кирүүчү жолдун №2 кесилишине чейинки 5,6 чакырым жолдун 2,8 чакырымына бетон төшөлдү

4 / 6

транспорттук тоннелдин (ТТ-2) жалпы узундугу 1 388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 64 метр, экинчи тарабынан 5 метр казылып бүттү

5 / 6

Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба орнотулууда, көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын ала долбоордун негизинде көпүрөнүн таянычтары даярдалууда;

6 / 6

Белгилей кетсек, ГЭСтин болжолдонгон кубаттуулугу 1860 МВт, жылына 5,6 миллиард кВт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Плотинанын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 миллиард куб суу топтолот

"Энергетиктердин негизги максаты — жыл аягына чейин даярдык иштерин бүткөрүү. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга багытталган даярдык иштери эки жылга пландалып, анда көпүрө салуу, суунун нугун буруу, туннель казуу, жол салуу жана аны бетондоо, электр зымдарын тартуу, жумушчулар учун убактылуу лагерь куруу каралган", — деп жазылат маалыматта.
Учурда аткарылган иштер:
Бишкек — Ош унаа жолунун 318-чакырымынан Камбар-Ата-1 ГЭС участкасына кирүүчү жолдун №2 кесилишине чейинки 5,6 чакырым жолдун 2,8 чакырымына бетон төшөлдү;
транспорттук тоннелдин (ТТ-2) жалпы узундугу 1 388 метрди түзөт. Учурда бир тарабынан 64 метр, экинчи тарабынан 5 метр казылып бүттү;
электр зымдары тартылып, 9 мамыча орнотулган;
көмөк чордон курулуп, жолдорго топурак жана таштарды төшөө иштери жүрүп жатат;
Нарын дарыясынын агымын буруу үчүн дамба орнотулууда;
көпүрөнүн курулушу боюнча берилген алдын ала долбоордун негизинде көпүрөнүн таянычтары даярдалууда;
курулушчулар үчүн убактылуу лагерь курулууда.
Белгилей кетсек, ГЭСтин болжолдонгон кубаттуулугу 1860 МВт, жылына 5,6 миллиард кВт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Плотинанын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 миллиард куб суу топтолот.
Минкаб төрагасы: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 млрд. доллар табылды