Брендди уруксатсыз колдонуу үчүн жаза күчөтүлдү. Жогорку Кеңеш мыйзамды жактырды

Башка бирөөнүн брендин мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөштү жана жазаны күчөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште брендди уруксатсыз пайдалангандар үчүн жазаны күчөткөн мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аны депутаттар Марлен Маматалиев менен Элвира Сурабалдиева демилгелеген.
Мыйзамдын негиздемесинде башка бирөөнүн брендин мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөштү жана жазаны күчөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилгени белгиленген.
Тактап айтканда, башка бренд бир нече жолу мыйзамсыз пайдаланылса же бул жосундан ири зыян келтирилсе 100 000 - 150 000 сом айып салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат.
Өлкөдө катталбаган брендди мыйзамсыз маркалоо ири зыянга учуратса 300 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин айып салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ушул эле жосундар 14 жашка толо элек балдарга арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата, этиятсыздыктан оор залал келтирилсе, уюшкан топ жана кылмыштуу топтор тарабынан жасалса да жаза каралган. Ага ылайык, мыйзам бузган тарап мүлкүн конфискациялоо менен 1,5 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин айыпка жыгылат же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.
Ошондой эле кылмыш жасалган учурда зыяндын көлөмү 50 миң сомдон ашканда ири болуп таанылат.
Радио
Керимбаев: массалык тикмечиликтен бренд чыгарууга мезгил жетти