Врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миңден 66 миң сомго жеткирилет

Садыр Жапаров дарыгерлердин жетишсиздиги алыскы айылдар тургай облус борборлорунда да бар экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров дарыгерлердин депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатыларын билдирди.
Мамлекет башчы "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмесиндеги сөзүндө анын администрациясы медицина тармагында кыска жана орто мөөнөттүү пландарды даярдап жатканын айткан.
"Кечиктирилгис чара катары 1-июлдан тарта алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программасынын алкагында дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүүнү тапшырам. Ошондой эле врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатылат", — деген Жапаров.
Мындан тышкары, аймактарда дарыгерлердин жетишсиздигин эске алуу менен чукул чара катары педиатрларга, неонатологдорго, хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго 20 миң сомдон кошумча айлык киргизүүнү тапшырганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бизде жаш дарыгерлер жетишсиз. Алыскы же бийик тоолуу аймактарда эле эмес, керек болсо облустук борборлордо да жаш медиктер жокко эсе экенин көрүп жатабыз. Андыктан практикадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорду жана интернатурадагы дарыгерлерди тартуу жана аларга стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөрдү киргизүүнү милдеттендирдим", — деди өлкө башчы.
Эскерте кетсек, "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме ушу тапта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген "Социалдык контракт" программасына киргендер катышууда.
Президент балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачыларын билдирди