Садыр Жапаров Иран элчилигине барып көңүл айтты

Иран жетекчиси авиакырсыктан өткөн жумада каза болду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран элчилигине барып көңүл айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран элчилигине барып көңүл айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Мамлекет жетекчиси Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугуп, көңүл айтуу китебине жазуу калтырган

3 / 3

Анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран президенти Эбрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди

Мамлекет жетекчиси Ирандын элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугуп, көңүл айтуу китебине жазуу калтырган. Анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран президенти Эбрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
"Садыр Жапаров Эбрахим Раисинин өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаганын белгиледи. Өлкө башчы Раисинин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
Президент тик учактын кыйрашынан каза болгон Ирандын президентин, тышкы иштер министрин жана аларды коштоп жүргөн башка адамдарды эскерип, гүл койду.
Эскерте кетсек, авиакырсык 19-майда болгон. Азербайжанга иш сапары менен барып кайра кайтып келе жаткан президент Эбрахим Раисинин тик учагы кулап, андан соң өрттөнүп кеткен. Өлкө башчы менен аны коштоп жүргөндөрдүн эч кимиси аман калбаганы эртеси тастыкталды. Иран эли ушу тапта беш күнгө созулган аза күтүп жатат.
Маркум Раисинин милдетин убактылуу Ирандын биринчи вице-президенти аткарат