Пакистандын ТИМ башчысы ооруканадагы мекендешинен кабар алды

Пакистандын ТИМ башчысы Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жарандан кабар алган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын ТИМ башчысы Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

Тараптар түзүлгөн өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар эки өлкөнүн достук мамилесине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти

2 / 3

Тараптар эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгын талкуулашкан

3 / 3

Аткаминерлер пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар эки өлкөнүн достук мамилесине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.
"Байсалов Пакистандын өкүлүн Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле жасаларына, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартыларына ишендирди", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти. Маалыматта ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгын талкуулашканы айтылат.
Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышкан.
Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан. Анын видеосу интернетте "чет элдиктер кыргыздарды сабаган" деген аталыш менен тарап, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына жаштардын чогулушуна себеп болду. Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен кийин таңга жуук тарашты. Кийин мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылды. Ал эми аларга кол салган делген үч бала, кийин дагы бири кармалды.Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.
Жалпы 41 адам медиктерге жардам алууга кайрылган.
Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттер менен жолукту. Сүрөт