Ден соолукка зыян алып келбеш үчүн бир күндө канча кулпунай жесе болот

Аталган мөмөнү ашказан-ичеги, гастрит, бөйрөк, кант диабети оорулары барлар абайлап жеши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кулпунайдын организмге пайдасы кандай жана анын күнүмдүк нормасы канча экенин Sputnik радиосуна диетолог Александра Разаренова айтып берген.
Адис кулпунайды жаңы терилген тейде да, десерт катары даярдап жегенде да организмге көп пайдалуу, ден соолукту чыңдоочу заттарды берерин айткан.
"Кулпунай мыкты антиоксидант болгон С витаминине бай, ал иммундук системаны чыңдап, организмге инфекциялар менен күрөшүүгө, темирдин сиңишине жардам берет. Кулпунайдын курамында К, Е жана В6 витаминдери, магний, калий, марганец жана фолий кычкылы бар. Аталган мөмөгө кызыл өң берген антоциан организмдеги сезгенүүлөрдүн төмөндөшүнө жардам берип, жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешин жакшыртып, клеткаларды эркин радикалдардын таасиринен коргойт", — деп түшүндүргөн Разаренова.
Диетолог муну менен катар эле кулпунайды ашыкча жегенде зыян алып келерин эске алуу керектигин белгилеген.
"Эгерде аллергия болсо, албетте, андан баш тартууга туура келет. Органикалык кычкыл көп болгондуктан гастрит, ашказан-ичеги оорусу барлардын абалын начарлатышы мүмкүн. Ошондой эле бөйрөгү ооругандар да кулпунайды абайлап жеши керек. Кулпунайда кант анчалык көп болбогону менен кант диабети барлар да абайлоосу кажет", — деген кеңешин берген ал.
Разаренова ден соолугунда маселеси жок адамдар күнүнө бир чөйчөк, тактап айтканда, 150 граммдан жесе болорун белгилеген. Ал эми коктейль, салат, десерттерге аны кошуп жегенди туура көргөндөр курамындагы шекерге көңүл бурушу зарыл экенин кошумчалаган.
Диетолог кимге ач карын мөмө-жемиш жегенге болбой турганын айтты