Астанада жыйынга чогулган ШКУнун ТИМ башчыларын Токаев кабыл алды

Иш-чаранын соңунда жыйынтык документтерге кол коюу жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Миндин ЖМКларга маалымат берүүсү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бүгүн Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларустун министрлери чакырылган.
Ирандын атынан министрдин авиакырсыктан каза тапкандыгына байланыштуу экономикалык дипломатия боюнча ведомство жетекчисинин орун басары Махди катышууда.
Министрлер отурумдун алкагында чогуу сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын соңунда жыйынтык документтерге кол коюу жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Миндин ЖМКларга маалымат берүүсү пландалган.
Министрлерди Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Ал Астанада 3-4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммити өтөрүн жана анда 20га чукул маселе таркууланарын айткан.
"ТИМдердин кеңешине биздин өлкөлөр үчүн маанилүү болгон форумду уюштурууга сапаттуу даярдык көрүү үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Олуттуу документтердин жана чечимдердин пакетин түзүүдө сиздердин эмгегиңиздерди жогору баалайм. Мамлекет башчылардын кеңешинин кароосуна 20дан ашык документтер киргизилген. Аларды майнаптуу ишке ашыруу ШКУнун алкагында ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө өзүнүн салымын кошоруна ишеним артам", — деген Токаев.
Токаев ШКУ коопсуз жана адилеттүү дүйнөнүн формуласын сунуштаарына ишенет