Кош бойлуулар кайсы кызматтарды акысыз ала алат? Министрлик тизмектеди

Адистер үй-бүлөлүк медициналык борборго катталып, андан кийин өз учурунда көзөмөлдөн өтүп туруу зарылдыгын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги болочоктогу энелерге ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруу үчүн кандай кадамдарды жасоо керектигин түшүндүрдү.
Мекеме адегенде кош бойлуу аял өзү жашаган аймактагы үй-бүлөлүк медициналык борборго барып каттоого туруу керектигин белгилеген. Анда кош бойлуулуктун көзөмөлдөө планы дарыгер менен биргеликте талкууланып, белгиленет. Андан соң дарыгер болочок энеге кош бойлууну көзөмөлдөө планы боюнча картасын берет. Мындан тышкары, аялдар милдеттүү медициналык камсыздоо полисин бекер ала алышат.
Кош бойлуу аялдар акысыз алууга укуктуу кызматтар:
кош бойлуулук мөөнөтүндө дарыгерге 9 ирет көрүнүү;
базалык текшерүүлөр;
дарыгерлердин кеңештери;
эки жолку ультраүндүү текшерүүдөн өтүү.
"Өзүңүздүн ден соолугуңузга, эмоционалдык абалыңызга байкоо жүргүзүңүз. Анализдерди өз учурунда тапшырып туруу маанилүү. Мындан тышкары, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап туруу сунушталат", — дешти адистер.
Төмөнкү белгилер болсо дароо дарыгерге кайрылуу кажет:
жүрөктүн катуу айланышы;
кан кетүү;
баш айлануу,
дененин шишип кетиши;
калтырак басуу,
дене табы көтөрүлсө;
дененин катуу оорушу;
түйүлдүк кыймылдабаса.
Адистер кош бойлууларга эң керектүү деген витаминдерди санап беришти