Кыргызстанга Пакистандын тышкы иштер министри келди

Буга чейин пакистандык министр Бишкекте болгон чыр-чатактан улам ооруканаларда дарыланып жаткан мекендештеринен кабар ала турганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстанга кыска мөөнөттүү иш сапары менен Пакистандын тышкы иштер министри, вице-премьери Мохаммад Исхак Дар келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аны "Манас" аэропортунан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алган.
Буга чейин пакистандык министр Бишкекте болгон чыр-чатактан улам ооруканаларда дарыланып жаткан мекендештеринен кабар ала турганы айтылган. Мындан тышкары, анын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан. Бул арада мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылган. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын айтып, аларга издөө жарыяланганын билдирген. Ал эми кечээ Бишкекте чет элдиктерге 13-май күнү кол салган деп үч бала, кийин дагы бири кармалган. Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.
Алымкадыр Бейшеналиев чет элдик студенттер менен жолукту. Сүрөт