Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган пакистандыктар кармалды

Чет өлкөлүктөрдүн Казакстан тараптан Кыргызстанга чек ара аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-майда саат 3:30да "Васильевка" чек ара заставасынан Казакстан тараптан Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда Пакистандын алты жараны кармалган.
"Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүктөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылган маалыматта.
Учурда аталган фактыга тиешеси барларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды