Бишкектеги мушташ: кармалган төрт чет элдик жаран үй камагына алынды

Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн карап, аны канааттандырганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. 18-майдагы нааразылыктарга себеп болгон мушташка катышкан чет элдиктердин кармалуусун сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту аларды 17-июлга чейин үй камагына алган.
"Свердлов райондук соту РИИБдин тергөөчүсүнүн камоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү өтүнүчүн карап, документте укук коргоо кызматкери чет элдиктерге карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонууну өтүнгөн. Бейбаштык боюнча айыпталгандардын баш коргоо чарасы 17-июлга чейин күчүндө болот", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын белгилеген.
ИИМ учурда ордо калаада абал туруктуу экенин белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө турганын айтууда. Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы элди коомдо катталган окуяларга кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулукту көрсөтүүгө чакырды.
Президент Бишкектеги түнкү жаңжалдан жабыркагандарды акысыз дарылоону тапшырды