Бишкектеги жаңжал: президент ИИМ тиешелүү чараларды өз учурунда көрбөгөнүн айтты

Өлкө башчы окуянын күч алып кетишине тийиштүү мекемелердин өз учурунда чара көрбөгөнү жана бийликтин каршылаштарынын чагымы себеп болгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз учурунда коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 18-майда болгон жаңжал боюнча кайрылуусунда айткан.
Өлкө башчы окуя 13-майда болуп, анын видеосу 18-майда бурмаланып интернетке жайылтылганын белгилеген.
"Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле. Биздин Ички иштер министрлигибиз 13-майда болгон окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерди жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү камап жаткан. Бирок, тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү", — деп айтты мамлекет башчы.
Ошондой эле өлкө башчы учурдан пайдаланып бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын группаларды, фейк аккаунттарды түзүп алышып, чагым салган маалыматтарды таратышканын кошумчалады.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтышкан. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын айтып, аларга издөө жарыяланганын билдирген.
Бишкектеги мушташ: кармалган төрт чет элдик жаран үй камагына алынды