МИК Жапаровдун турак жай алуу боюнча демилгеси кандай ишке ашарын түшүндүрдү

Топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыгы насыя алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алуу боюнча "Топтолмо ипотека" демилгеси кандай ишке ашарын түшүндүрдү.
Мекеме билдиргендей, топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыгы — ыңгайлуу пайыздык чен жана насыя алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачыларын айткан эле. Анда айтылгандай, РСК банк "Элдик банк" болуп өзгөрөт.
"Баштапкы төлөмдүн 30 пайызын атуул банкка ("Элдик банкта") топтойт. Андан кийин банк ага турак жайдын баасынын 20 пайызын беш жылга 10 пайыз менен насыя берет. Калган 50 пайызды сегиз пайыз менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат", — деп айтылат.
Жаран алгач алган насыясынан кутулган соң гана ипотекасын төлөөгө киришет.
Долбоорду күзүндө ишке ашыруу пландаштырылууда.
ИӨБ насыясынын эсебинен Кыргызстанда 112 миң чарчы метр турак жай курулат