Бишкектин мэри: Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз буздурулбайт

Мэриянын юридикалык кызматтары тарабынан сотторго 19 доо арыз даярдалып берилген. Жалпысынан 94төн ашык арыз жөнөтүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Тиешелүү соттун чечимисиз Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузуу планы жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Ал күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда Ататүрк сейил багы боюнча маселе дагы каралган.
Мэриянын маалыматы боюнча, "Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек арасын бекитүү жөнүндөгү" токтомду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу маселе боюнча маалымат угулду. 20-майга карата мэриянын юридикалык кызматтары тарабынан сот органдарына 19 доо арыз даярдалып берилген. Жалпысынан 94төн ашык доомат жөнөтүү пландаштырылууда (доо арыздар даярдалган сайын бул көрсөткүч көбөйүшү мүмкүн).
Жунушалиев шаардык мэриянын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине калаа калкына Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан жеке турак жайларга карата биринчи кезекте соттук чаралар көрүлөрүн жеткирүүнү тапшырды.
Бүгүндөн тарта Мамкурулуш шаардык кызматтар менен биргеликте паркта жайгашкан жана курулушка уруксаты жок бир катар объектилерди демонтаждоо иштерин башташы керек болчу. Ошондой эле алардын жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен бир катар имараттардын айланасындагы тосмолорду бузуу пландаштырылган.
Жыйындын жыйынтыгында борбор калаанын мэриясынын түзүмдөрүнө доо арыздарды даярдоо, башка зарыл уюштуруу-укуктук иштерди жүргүзүү, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
МИК Жапаровдун турак жай алуу боюнча демилгеси кандай ишке ашарын түшүндүрдү