Ататүрк паркында 200дөй адам чогулуп, мэрия өкүлдөрү менен жолугууда. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги Ататүрк паркында 200дөй адам чогулуп, мэрия өкүлдөрү менен жолугууда.
Буга чейин муниципалитет парктын аймагындагы объектилер 20-майдан тарта түрттүрүлүп баштаарын айткан.
Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев чогулган элге кызыл чийинден чыгып кеткен үйлөр биринчи этапта демонтаждаларын айтты.
1 / 2

Бүгүн Бишкектеги Ататүрк паркында 200дөй адам чогулуп, мэрия өкүлдөрү менен жолугууда.

2 / 2

Буга чейин муниципалитет парктын аймагындагы объектилер 20-майдан тарта түрттүрүлүп баштаарын айткан

"Чектен чыгып кеткендердин баарын түрттүрөбүз. 100гө жакын арызды сотко тапшырдык, аларды сот чечет. Бул маселе координациялык кеңеште каралды. Жакын арада мэрия өз ишин баштайт", — деди Орозалиев.
"Үйүбүздү алып койсоңор селсаяк болуп калабыз" деп нааразы болгон элге аким бардык маселени сот чечерин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдаган.
ЖКда Көлбаевдин Ататүрктөгү аукционго коюлган мүлкүн паркка кайтаруу талабы айтылды