Радио

Сыдыков: өлкөнүн алыскы региондорунда нотариус дээрлик жокко эсе

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков нотариустарга лицензия берүүдө сынактын суроолору көбөйүп, адам фактору да жоюлганын айтты.
Sputnik
Дүйнөлүк практикада аймактарга жараша нотариустарга квота бөлүү каралган. Бизде нотариустардын 70 пайызы Бишкекте, калганы Ошто иш алып барышат. Ал эми региондордо алардын саны жетишпей турганын Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айтымында, эл аралык тажрыйбада 30-40 миң адам жашаган аймакка бир нотариус туура келсе, өлкөдө бул талап аткарылбай келет.
"Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Алсак, аймактарда иштей турган нотариустарга лицензия берүү жеңилдетилет. Бул жеке нотариустардын санын көбөйтүүгө жана мамлекеттик нотариустардын жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет. Дүйнөлүк практикада аймактарга жараша нотариустарга квота бөлүү каралган. Бизде нотариустардын 70 пайызы Бишкекте, калганы Ошто иш алып барышат. Ал эми региондордо алардын саны жетишпейт. Эл аралык тажрыйбада 30-40 миң адам жашаган аймакка бир нотариус туура келсе, өлкөдө бул талап аткарылган жок. Мындан тышкары, нотариустарга лицензия берүүдө сынактын суроолору көбөйүп, адам фактору да жоюлуп, ачык болуп калды", — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал нотариалдык тутумду реформалоонун натыйжасында өлкөдө 390 нотариустун 320сы гана ишмердүүлүгүн улантып жатканын кошумчалады.