ШИИБ: Бишкектеги чет элдиктер кадимки жашоо образына кайта алышат

Милиция жалган маалымат тараткандар жана чагымчылар жоопко тартыларын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкекте жашаган чет элдик жарандар коопсуздугуна кабатыр болбой кадимки жашоо образына кайтып келе алышат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2500дөн ашык милиция кызматкери жана ыктыярчы күчөтүлгөн тартипте кырдаалга көз салууда.

"Коомчулукта нааразычылык жараткан жалган маалыматтар таратылууда. Такталбаган маалыматтарды жайылтууга, массалык башаламандыкка жана чет элдиктерге зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган", — деп эскертет ШИИБ.

Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын белгилеген.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда. Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы элди коомдо катталган окуяларга кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулукту көрсөтүүгө чакырды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, башаламандыктан 29 киши жабыркаган.
Кыргызстандын жана Пакистандын ТИМ башчылары Астанада жолугат