20-майга карата аба ырайы

20-майга караган түнү жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 20-май, дүйшөмбүдө, бийик тоолуу райондорго кар түшүп, өрөөндөрдүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +15...+20, Талас облусунда +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп +16...+18 градус жылуу болсо, Ош шаарында ала булут каптап, күндүн табы +22...+24 градуска жетет.
Жаан-чачын басылабы? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу