Тышкы иштер министринин орун басары Пакистандын элчиси менен жолугушту

Кыргыз тарап Хасан Али Зайгамдан Пакистандын ЖМК өкүлдөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды таратпоону түшүндүрүүнү өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын өлкөдөгү элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Анда элчиге чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилген.
Ошондой эле Имангазиев Хасан Али Зайгамдан пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды таратпоону түшүндүрүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары, министрдин орун басары Пакистан Ислам Республикасынын элчисине кырдаал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин билдирген.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам топтолгон. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.
Саламаттык сактоо министрлиги башаламандыктан 29 киши жабыркаганын кабарлады.
Улуттар аралык кагылышууну тутантууга жол берилбейт. Өкмөттүн билдирүүсү