ТИМ: деструктивдүү күчтөр атайылап калп маалымат таратууда

ТИМ ЖМКөкүлдөрүнөн, блогерлерден жана чет өлкөлөрдөгү кесиптештеринен расмий, такталган маалыматтарды гана таратууну өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чет элдик ЖМКларда, социалдык тармактарда, өзгөчө Пакистанда деструктивдүү күчтөр Бишкектеги түндөгү абал боюнча атайылап калп маалыматтарды соцтармактарга таратышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеме Бишкекте абал тынч, толугу менен көзөмөлдө экенин маалымдайт. Коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлгөнүн белгиледи.
ТИМ ЖМК өкүлдөрүнөн, блогерлерден жана чет өлкөлөрдөгү кесиптештеринен расмий, такталган маалыматтарды гана таратууну өтүнөт.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте четэлдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип четэлдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.
Саламаттык сактоо министрлиги башаламандыктан 29 киши жабыркаганын кабарлады.
Ачууланып, кызуу кандуулукка алдырбагыла! Муфтият элди сабырдуулукка чакырды