Бишкекте жүздөн ашык адам топтолду. Шаардык милиция абалды көзөмөлдөөдө

Бул арада мушташка катышкан чет элдик үч жаран кармалып, кыргызстандыктардан кечирим сурашты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкектеги Чүй жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине 100дөн ашык адам топтолду. Алардын көбү жаштар. Буга чейин шаардагы хостелдердин биринде чет элдик жарандардын катышуусунда мушташ чыкканы айтылган.
Бүгүн хостелге келген 100дөн ашык эркек өч алуу максатын көздөшү мүмкүн. Тартип сакчылары өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50 адамды кармап, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кайра кое беришкен. Ал эми калган бир топ адамды хостелге киргизбей, четке сүрүп чыгарышкан.
Свердлов РИИБи бул арада бир нече күн мурун мушташкан чет элдик үч жаран кармалганын маалымдады. Алардын кыргыз элинен кечирим сураган видеосу тарады. Кармалгандар Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону убадалашып, жоруктары үчүн жоопкерчилик тартууга даяр экендигин айтышкан.
Жерине Бишкек ШИИББдин курамы толугу менен тартылган. ИИББ менен Свердлов райондук ИИБдин жетекчилиги да жүрөт. Алар жатаканада чет элдиктер катышкан мушташтан кийин чогулган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды