Бишкекте мушташтан соң топтолгондордун саны миңге чукулдаганы айтылды. Соңку маалымат

Беш күн мурун чет элдик үч жарандын катышуусунда мушташ болгон. Кечээ кечинде адамдар алар жашаган хостелге жакын чогулуша башташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте абал туруктуу, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Эскерте кетсек, 17-майда кечинде Бишкектеги чет элдиктер жашаган мейманкананын алдына 200дөй киши топтолгон. Андан мурун андагы чет элдик үч жашоочунун мушташка катышкандыгы маалымдалган. Милиция топтолгондорду хостелге киргизбей курчап калган болчу. Ошол эле учурда мушташка катышты делген чет элдик үч жаран кармалып, кыргыз элинен кечирим сураган.
Ушу тапта милиция массалык башаламандык уюштургандарды таркатууга даярданып жатат. Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишине миңдей адам чогулганы айтылууда. Жеринде ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урманбетов жана ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев милициянын ишин тескөөдө.
Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды