Бишкектеги башаламандыктан 29 киши жабыркаган. Министр ооруканага барды

Бейтаптардын айрымдарынын мээси чайкалып, башынан жаракат алса, кээси денесинен түрдүү жаракаттарды алган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте түндө болгон башаламандыктан 29 киши жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-майга караган түнү Тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын жарымы Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

"Шаардык тез жардам ооруканасына түшкөн эки бейтаптын мээси чайкалып, башынан жаракат алган. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык, бирөөсү амбулатордук дарыланууга кеткен. Ошондой эле 12 жабырлануучу ар кандай жаракат менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга жаагы сынып кеткен чет элдик жарандын ден соолугун сурап барды. Бейтапты операцияга даярдап жатышат.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.
Чагымчылар да болду. Ташиев Бишкекте болгон түндөгү митинг боюнча айтты