KazanForum-2024. Адылбек Касымалиев Марат Хуснуллин менен жолукту

Кыргызстан менен Россиянын алакасы эки тараптуу, интеграциялык бирикмелер аркылуу да чыңдалып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казанда өтүп жаткан "Россия — ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казанда өтүп жаткан "Россия — ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту

2 / 4

Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Хуснуллин Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген

3 / 4

Ал эми Татарстандын башчысы Рустам Минниханов "Россия – ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн Касымалиевге ыраазычылык билдирди

4 / 4

Ошондой эле ал Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу бардык долбоорлор жана демилгелер Татарстан тарабынан колдоого алынарын кошумчалаган

Анда тараптар кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты. Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын алакасы эки тараптуу, интеграциялык бирикмелер аркылуу да чыңдалып жатканын белгиледи.
"Иш-чаранын алкагында мамлекеттер жана аймактар аралык деңгээлде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат", — деди Касымалиев.
Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Хуснуллин Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген.
Ал эми Татарстандын башчысы Рустам Минниханов "Россия – ислам дүйнөсү: KazanForum" эл аралык экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн Касымалиевге ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстан — биз үчүн бир тууган республика. Соода-экономикалык чөйрөдө гана эмес, кадрларды даярдоо, илим, маданият, билим берүү тармагында да мамилелерди өнүктүрүү үчүн эбегейсиз зор потенциал бар", — деген Минниханов.
Ошондой эле ал Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу бардык долбоорлор жана демилгелер Татарстан тарабынан колдоого алынарын кошумчалаган.
Минниханов: "Россия — ислам дүйнөсү" тобунун салмагы артты