Радио

Мамытов: Россиянын соңку убактагы экономикалык өсүшү дүйнөнү таң калтырууда

Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Россиянын соңку жылдардагы экономикалык өсүшү дүйнөнү таң калтырып жатканын айтты.
Sputnik
Россияга Батыштын санкциялары башталганда экономист окумуштуулар "алгачкы жылы 9 пайыз, кийинки жылы 20 пайыз артка кетүү менен үч жылда Россия Федерациясынын экономикасы талкаланат" деген божомол беришкен эле. Бүгүнкү күндө катуу жаңылышып калганын мойнуна алышып, таң калгандарын жашырбай отурушат. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия Федерациясы СССР таркаган алгачкы тогуз жылда экономикасы алсырап, эл аралык кадыр-баркы да түшүп кеткен.
"Советтер Союзу таркаган алгачкы жылдары Россиянын экономикасы чабал болчу. Бирок 10 жылдай убакыт өткөн соң бутуна туруп, өсүү жолуна түштү. Ал эми соңку жылдары пандемия, атайын операцияга карабай өсүү жолунда гана бара жатат. Албетте, мунун бардыгы аталган өлкөнүн өкмөтүнүн мыкты иштеп жатканын билдирет. Батыш Россияга карата 10 миңден ашуун санкция салганына карабай ИДПсы өсүп, профицит менен чыгып жатканы "үч жылда экономикасы талкаланат" деп божомолдогон Батыш окумуштууларын да таң калтырууда. Бул боюнча маалыматтарды интернет айдыңынан тапса болот. Учурда дүйнө илимпоздору "кризистик кырдаалда Мишустиндин тажрыйбасы" деген иликтөөлөрдү жүргүзө башташты. Жакынкы жылдары биз ар кайсы мамлекеттерден мына ушундай илимий эмгектерге күбө боло баштайбыз. Федерациянын азыркы өкмөтүнүн курамына облустарды жетектеп жүргөн жаштардын кириши, негизги багыттарынын жетекчилери алмашпаганы менен буга чейин мол тажрыйба топтогон адамдардын курамга кошулушу Россиянын мындан аркы пландары да экономикалык өсүштү колго алуу менен эми идеологияга басым жасаларынан кабар берип турат", — деди Мамытов.
Ал атайын операцияга карабай калктын чарбасына, илим-билимге жана демографиялык өсүшүнө көңүл буруу чоң күчтү жана кылдат иликтөөнү талап кылганын кошумчалады.