Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина армиясы Россия аскерлери атайын операцияда күчтөнгөнүн мойнуна алды

Киев россиялык аскер-өнөр жай комплексине каршы туруп, туруштук бере албастыгын украиналык аскерлер өздөрү белгилеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Украиналык аскер кызматкерлери россиялык армиянын атайын операция башталган эки жылдын ичинде кубатына келгенин айтышты. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.
"Россиянын армиясы күчтүү. Андан тышкары, эки жылдан берки атайын операция алардын күчүн ого бетер арттырды", — деген Украина Куралдуу күчтөрүнүн механизациялаштырылган 57-бригадасынын сержанты Андрей Щербин.
Анын айтымында, Украина россиялык аскер өнөр жай комплексине каршы туруп, туруштук бере албайт.
Wall Street Journal украиналык аскерлер Россиянын пландалган авиабомбаларды колдонушу согушка бир топ таасир бере турганын айтып жатканын жазган.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Президент атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген. Путиндин айтымында, РФ 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылган, бирок алданып, кысымга жана опузалоого тушугуп келген. Ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, барган сайын Россиянын чек арасына жакындай бергенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский 1991-жылкы чек араны козгобой Россия менен сүйлөшүүнүн четин чыгарды