Уран иштетүүгө уруксат бере турган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү

Экономика жана коммерция министрлиги бул мыйзам долбоорун февраль айында министрлер кабинетине сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Документ парламенттин сайтына жарыяланган.
Мыйзам долбоору менен 2019-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамды күчүн жоготту деп табуу пландаштырылууда.
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги бул мыйзам долбоорун февраль айында министрлер кабинетине сунуштаган.
Уран казууга 2019-жылдан баштап тыюу салынган. Министрлик тыюу салуу боюнча мыйзам калктын саламаттыгын сактоого, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталганы менен документ дүйнөлүк кризис маалында өлкө экономикасы үчүн терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
Уран менен торий казууда бийлик экологиялык стандарттарды карманып, заманбап технологияларды киргизип мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү болору белгиленген.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин Кыргызстан өзү иштетерин билдирген. Муну менен миңден ашык жумушчу орун түзүлөт.
Садыр Жапаров: Кызыл-Омполдо руданы алып чыккан соң буудай, өрүк өстүрсө болот