Батышка теңтайлашып. Евразиянын жаңы жарандык коому алган багыт

Постсоветтик өлкөлөрдүн баарында жарандык коомдук өнүгүүсү Батыштын бейөкмөт уюмдары тарабынан көзөмөлдөнүп келгени жашыруун эмес. Sputnik баяндамачысы абалды өзгөртүүгө мезгил жетти деген пикирде.
Sputnik
Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгы Россия президенти Владимир Путиндин инаугурациясы жана жаңы мөөнөтүнүн башталышы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы сыяктуу бүтүндөй Евразия үчүн мааниси зор окуялардын фонунда белгиленди.
Улуу Жеңиштин урматына уюштурулган салтанатка БА мамлекеттеринин бардык лидерлери катышты. Россия менен Борбор Азиянын мындай биримдиги дүйнө коомчулугуна аталган өлкөлөрдүн башын тарых эле эмес, Евразиядагы экономикалык жана саясий процесстердин алкагындагы келечек да бириктирип турарын даана көрсөттү. Евразиядагы мамлекеттердин өз ара кызматташуусундагы жетишкендиктер жалпы аймактагы туруктуулукка негиз болуп бере алат, бирок бул ийгиликтер коомдук-саясий процесстерди алдын ала көрө билүүгө дайым эле жетиштүү боло берген эмес. Алсак, постсоветтик мамлекеттердин баарындагы жарандык коомдун өнүгүүсүн Батыш каржылаган бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар көзөмөлдөп келген.
Бир жагынан евразиялык интеграция илгерилегенин көрсөк, экинчи тарабынан бир катар өлкөлөрдө параллель процесстер жүрүп, өнүгүүнү (тил менен маданияттан тарта соода-экономикалык жана саясий байланыштарды) үзгүлтүккө учуратууга нук алып келген кызык учурду башыбыздан кечирдик. Коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кызыкчылыгын көздөп, Евразиядагы бириктирүүчү процесстерди жөнгө салган уюмдардын жоктугунан евразиялык мейкиндик барган сайын алсырап бараткан. Анткен менен аймактагы мамлекеттердин ортосундагы байланыштын барган сайын бекемделиши жарандык коомдун өнүгүү маселелерин узак убакытка чейин көз жаздымда калтырып кое алмак эмес.

Евразиялык процесс

ЕАЭБдин мааракелик саммитинин алдында, апрель айында, Москвада эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жардам боло турган "Евразия" коммерциялык эмес уюмдун бет ачары өтүп, ал региондогу өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыгын эске алуу менен долбоорлорду ишке ашырары айтылды. Ортодогу карым-катнашты үзүп, чоочун идеяларды таңуулаган Батыштын бейөкмөт уюмдарынын жүргүзгөн саясатынан айырмаланып "евразиялык процесс" жалпы тарыхка, маданий, улуттук жана диний көп түрдүүлүктү сыйлоого негизделген биргелешип өнүгүү менен прогресс камтылган альтернативдүү көз карашты сунуштайт.
"Эчак эле жасаш керек болчу" деген акылдуусунган талкууну кое туруп, "Евразия" коммерциялык эмес уюму дал керектүү учурда — континентте жүрүп жаткан жаңы дүйнө тартибин түзүүгө күрөш күчөгөн маалда жаралып жатканын айткым келет. Ал эми Евразиядагы жарандык коом жамааттык Батыш саясатынын салтка айланган объектиси гана эмес, таасир этүүнүн да кыйла олуттуу инструменти болуп келет. Грузиядагы азыркы абал буга ачык мисал: митингге чыккандар чет элдик агенттер тууралуу мыйзамды "россиялык" деп ага каршы чыгышууда, муну менен каалаган мамлекет каалаган долбоорун бейөкмөт уюмунун колу менен ишке ашыра берген өлкөдө жашоону каалап жатышат. Демек, нааразы болгондордун пикиринде, эркиндик деген ушул, ал Европа менен бекем байланышта. Батыш жаңы нерсе ойлоп тапкан жок, баары "украин сценарийи" менен бара жатканы таң калычтуу. Мындай кооптуулук азыркы тапта евразиялык мамлекеттердин баарында — Молдова менен Армениядан тарта Кыргызстан менен Казакстанга чейин бар.
Бул контексттен алып караганда "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун коомдук-саясий айдыңга чыгышын Батыштын бейөкмөт уюмдарынын деструктивдүү таасирине каршы аракеттин башталышы деп кабылдасак болот. Бирок түз каршылашпай, мамлекеттердин улуттук, маданий өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ошол коомдун кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү ишмердүүлүктүн үлгүсүн көрсөтмөкчү. Бет ачар аземинде "Евразия" бейөкмөт уюму жаштарды, ишкерлерди, спортчуларды, маданий, илимий ишмерлерди колдоо менен алек болушу керектиги айтылды. Негизинен уюм гранттык негизде жогорку класстын окуучулары үчүн билим берүү программаларын ишке ашырып, студенттер менен жаш адистер үчүн стажировкаларды уюштуруп, журналист менен блогерлерди колдоого басым жасамакчы.
Чындыгында постсоветтик жана евразиялык мейкиндикте бир дагы бейөкмөт уюм мындай кеңири милдеттерди алган эмес. "Евразия" Түркия, Сербия, Румыния, Болгария, Венгрияга чейин жайылары айтылды, мунун баары уюмдун ишке олуттуу мамилесинен кабар берет. Эгер иштин багыты туура аныкталса фундаменталдык өзгөрүүлөрдүн башаты болуп, Евразияда өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой билген, бөтөн мамлекеттердин таасирине туруштук бере алган, тышкы күчтөрдүн басымынан улам өлкө саясатын өзгөртүүгө умтулбаган жарандык коом түптөлөт. "Евразия" — бул биргелешип өнүгүүгө ташталган кадам гана болбостон, аймактагы адам жана жаратылыш ресурсун тоскоолдуксуз пайдалануу үчүн жалпы евразиялык мейкиндикти трансформациялоо аракеттерин токтотпогон тышкы күчтөргө кескин жооп боло алат.
Тумандуу Альбиондун кооптуу планы. Кэмерон Борбор Азияны эмнеге кыдырды

Жаңы жарандык жана эксперттик коом

Евразия мамлекеттериндеги жарандык коомдун өнүгүүсү ар башка стадияда, активдүүлүгү да ар кандай. Молдова, Армения, Грузия жана Кыргызстанда Батыш көзөмөлдөгөн бейөкмөт уюмдар Евразиядагы башка мамлекеттердикине салыштырмалуу күчтүү болгону менен дал ушул мамлекеттер бүтүндөй аймактагы жарандык коомдун өзгөрүүсүнүн катализатору болушу мүмкүн. Аталган өлкөлөрдүн эли абдан активдүү, Батышка альтернатива катары "Евразиянын" түптөлүшү менен жаңы бейөкмөт уюмдарды түзүп, жаңы эксперттик коомчулукту жаратууга батыл киришет да, алар акырындык менен коомдук-саясий процесстерге тартыла баштайт.
Кандай болгон күндө да "Евразия" ишин Батыштын уюмдары үстөмдүк кылып турган жөнөкөй эмес шартта баштаганы турат. Өзүнүн имиджин калыптандыруудан тышкары евразиялык жарандык коомдун жаңы философиясын да иштеп чыгышы керек. Буга улуттук кызыкчылыктар, улуттук баалуулуктар тышкы таасирден жогору турарын аңдап түшүнүү, ошону кабыл алуу бул иштерге тирөөч болуп бере алат. Өзгөчө тышкы таасирлер коомдун салттуу түшүнүгүнө каршы келсе, кыйратуучу мүнөзгө ээ болсо, мунун баарына улуттун өзүнүн анык идеологиясы гана каршылык көрсөтө алат. Салттуу үй-бүлө баалуулуктарын талкалоо, көп гендерлүү иденттүүлүктү таңуулоо, ЛГБТ пропагандасы, улутчулдук идеясын жайылтуу, тарыхты бурмалоо жана анын негизинде өткөн чакка терс көз карашты калыптандыруу, өлкө саясатына кийлигишүү сыяктуу көрүнүштөр Батыштын бейөкмөт уюмдарынын күн тартибинде. Канчалык кооптуу деген суроого жоопту Украинадан тапсак болот.

Өнөктөштүктү бирдейлештирүү

Региондогу мамлекеттердин өз ара кызматташуусу бекемделген сайын евразиялык интеграция жалпы аймактын өнүгүү жолунун башкы багыттарын ондогон жылдарга алдыга аныктап турары айкын. Жарандык сектор мамлекеттердин бейөкмөт уюмдар боюнча өз алдынча саясат жүргүзгөн жападан жалгыз тармагы эле, анын коомдук-саясий процесстерге аралашуусун жөнгө салуу иштерин да ар бир өлкө ар башка чечип келген. Ошентсе да бир өлкө ичинде бейөкмөт уюмдардын катышуусу менен болгон окуялар коңшулардын эле эмес, жалпы аймактын коопсуздугу менен стабилдүүлүгүнө доо кетирерине баарыбыз күбө болдук. Тыюу салуу дайым эле майнаптуу боло бербейт, ал эми мамлекеттик жана жарандык сектордун тизгиндеше иштөөсүн чет жактан каржыланган уюмдар каалабайт. Демек, евразиялык жарандык уюмдар мамлекет менен өнөктөштүктү ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгүнө айланта алат.
Евразия өлкөлөрү эми бейөкмөт уюмдардын ролун кайрадан карап чыгып эле тим болбой, мамлекет менен жарандык сектордун ишин жөнгө салчу ыкмаларды да иштеп чыгышына убакыт келген сыяктуу. Бул бардык деңгээлде кызматташууну күчөтүүнүн үзүрлүү жыйынтыгы болот.
Борбор Азиянын көп векторлуу саясаты жана "алтын миллиарддын" кыйроосу. Талдоо