Бишкектин Свердлов округу боюнча ЖК депутатын шайлоо дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, шайлоо 30-июнга белгиленди.
Эске салсак, Шайлообек Атазов Свердлов шайлоо округунан 2022-жылы депутаттыкка аттанган. Бирок ал шайлоо жаңжал менен коштолгон. Тагыраагы, депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга озуп чыкканы менен добуш сатып алды деп айыпталып, жарыштан четтетилген. Мындан улам мандат кийинки орун алган Атазовго тийген. Бирок 2024-жылдын февраль айында Муртазалиев Атазовдун мандатын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК аны канааттандырбай койгондуктан Муртазалиев Бишкектин административдик жана Бишкек шаардык сотуна кайрылып, экөөндө тең утуп алган. Жогорку сот эки инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Анткен менен Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча талап Жогорку сотто колдоо тапкан эмес.
Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча талашка Жогорку сот чекит койду