Импортту убактылуу токтотуунун бир себеби — ички жумуртка өндүрүшүн колдоо менен бирге азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Себеби чек арадан киргенге чейин азыктын сактоо мөөнөтү өтүп же ветеринардык көзөмөл жаатында да маселе жаралып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мээрим Темирбекова Sputnik Кыргызстан радиого маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жумуртка өндүрүү менен алектенген 100гө жакын чарба бар. Муну менен катар 60тан ашык расмий катталбаган да чарбалар бар.
"Ушул жол менен жүрүп отурсак бир-эки жылдын ичинде Кыргызстан өзүн-өзү жумуртка менен толук камсыздоого жетишет. Учурда 58,1 пайызга гана камсыздап жатабыз. Азыр ар бир ишкерлик объектинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу иши каралып жатат. Импортко убактылуу чектөө киргизилгенинин дагы бир себеби ички өндүрүштү колдоо жана сырттан кирген жумурткалардын туура алып келинишин көзөмөлдөө болуп эсептелинет. Ошондой эле импорт менен келген азыктын сактоо мөөнөтү өтүп, ветеринардык көзөмөл жаатында кооптуулук жаратууда. Муну менен катар өзүбүздүн ата мекендик өндүрүштө жумуртка жетиштүү. Буларды да сатуу маселеси бар. Бизге 2023-жылы 219,7 миллион даана жумуртка импорттолгон. Ал эми экспорт 500 миң даанадан ашык көлөмдү түзөт", — деди Темирбекова.
Ал жумуртка импортуна коюлган чектөө алты айдан кийин алынарын кошумчалады.