Словакиянын премьер-министрине ок атылып жарадар болду. Видео

ЖМКлардын маалыматына караганда, саясатчы ич көңдөйүнөн жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицону белгисиз адам бир нече жолу аткылады. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү "Правда" басылмасына шилтеме берип жазды.

"Роберт Фицо өкмөттүн көчмө жыйыны учурунда жаракат алган. Кол салган адам бир нече жолу ок чыгарган, ал полиция тарабынан кармалды", деп айтылат маалыматта.

ЖМКлардын күбөлөргө таянып жазганына караганда, окуя расмий иш-чарадан кийин, саясатчы коомчулукка чыкканда болгон. Ал ич көңдөйүнөн жаракат алган.
Аны тик учак менен Братиславадагы ооруканага алып жөнөштү.
Фицо бир нече жолу Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы чыккан. Ошондой эле бул өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүн колдобой турганын жана мындай маселе каралса вето укугун колдонорун белгилеген. Мындан тышкары, премьер-министр Словакия Россия менен жакшы мамиледе болууга кызыкдар экенин билдирип, бул багытта кадамдарды жасоону убада кылган.
Түркиядагы атышуу: эки тартип сакчы көз жуумп, 8и жаракат алды