Адис жаңгактын кайсы түрүнүн ден соолукка пайдасы көп экенин түшүндүрдү

Дарыгер жаңгактын кайсы түрү болбосун ченемден ашыра жеген зыян алып келерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жаңгактардын түрүнө карата химиялык курамы, анын адам организмине таасири түрдүүчө болорун нутрициолог Анжелика Дюваль Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берген.
Адистин билдирүүсүнө ылайык, кедр жана грек жаңгактары баалуу компоненттерге бай.
"Кедр жаңгагы курамындагы майдан улам организмге эң пайдалуу делген 20 азыктын катарына кирет. Мен аны ден соолугунда көйгөй болуп жаткан айрым бейтаптар туруктуу жеши үчүн жазып берем", — деген Дюваль.
Бирок дарыгер жаңгактын кайсы түрү болбосун ченемден ашыра жеген зыян алып келерин белгиледи.
"Алар абдан калориялуу болгондуктан көп жегенге болбойт. Этке тете болгон, сиңирүү кыйынга турган азык экенин эске алуу зарыл. Ашказан-ичеги органдарында көйгөйү барларга жаңгакты рациондон алып салууну сунуштамакмын. Жаңгактын нормасы орто эсепте бир ууч, бул максималдуу норма, андан ашырбаш керек. Күн сайын жегенге да болбойт, мындайда ашыкча салмак кошулат", — деп эскерткен адис.
Нутрициолог кешьюну да абайлап жеген туура деп белгилейт.
"Кешью жаңгакка кирбейт, ал буурчак өсүмдүгү. Ашказан-ичегилеринде илдети барлар аны сиңирүүдө метеоризмге кабылып, ичи көбөт. Демек, андан баш тартуу оң, анын үстүнө кешьюнун пайдалуулугу кедр жаңгагындай көп эмес", – деп түшүндүргөн Дюваль.
Диетолог ит мурундун ден соолукка пайдасын санап берди