Кыска мөөнөттүү окуу курстарынын жардамы менен 29 миң киши кесипке ээ болду

Майыптыгы бар 815 адам да окуу курстарынан өтүп, иш менен камсыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу дээрлик 29 миң кыргызстандык кесипке ээ болду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган фонд 2016-жылдан бери колледж жана кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштуруп келет.
"Азыркы учурда фонддун 72 кесиптик лицей, 9 колледж, 14 жеке окуу борбору жана 3 жогорку окуу жайы менен макулдашуусу бар. Алардын негизинде кесиптин 127 түрүн окууга болот. Кыска мөөнөттүү окуу курстарынан 29 миң кыргызстандык, анын ичинде майыптыгы бар 815 адам өтүп, бир кесипке ээ болгон. Булардын 69 пайызы жумушка орношту", — деп жазылат кабарда.
Жаңы кесип үйрөнүү үчүн кесипти жана ыңгайлуу окуу жайын тандап, арыз калтырып, окуу графигин макулдашуу керектиги кошумчаланды.
Радио
Быйыл кесипке багыт берүүгө бюджеттен 8,2 млн. сом бөлүндү