Министр Бейшеналиев биоактивдүү кошулмаларды колдонууга каршы экенин айтты

Жогорку Кеңеште депутат Аида Исатбек кызы биоактивдүү кошулмалар боюнча министрдин пикирин сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биоактивдүү кошулмаларды (БАД) колдонууга каршы экенин айтты.
Жогорку Кеңеште депутат Аида Исатбек кызы биоактивдүү кошулмалар коомчулукка кеңири жайыла баштаганын белгилеп, бул боюнча министрдин пикирин сураган.
"Мен дарыгер катары буларды колдонууга дайыма каршымын. Азыр аларды менчик фармкомпания, ишканалар сатып жатат. Бул эми бизнес болуп калды. Акча табыш үчүн бардыгын жасашууда. Биз текшерип айрымдарын жаап жатабыз, бирок баарынын ишмердүүлүгүн токтотуп коюуга министрликтин күчү жетпей жатат", — деген министр.
Эл өкүлү Бейшеналиевден бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранган. Исатбек кызынын айтымында, биоактивдүү кошулмалар улуттун ден соолугун талкалап жатат. Депутат эл жакшы изилденбеген, сертификациядан өтпөй, мыйзамсыз алып келинген витаминдерди ичип жатканын айтып, калктын ден соолугуна кабатыр болду.
Биоактивдүү кошулмаларды алуудан мурда сертификатын текшергиле. Дарыгердин маеги