Мэрия кызматкерлери эми эки күн коомдук транспорт менен гана жүрөт. Жаңы буйрук

Чечим жол тыгынды азайтуу, автобус, маршруткаларда көзөмөлдү күчөтүү максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкек мэриясынын кызматкерлери эми шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен гана жүрүшү керек. Калаа башчысынын тиешелүү буйругу чыкканын муниципалитеттин маалымат кызматы тастыктады.
Буйрук муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүнө да тиешелүү. Эми алар көрсөтүлгөн күндөрү коомдук транспортко түшүп, салондун тазалыгына жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө да көз салышы керек болот.

"Шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер автоунаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалды. Ошондой эле коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатат. Бул өз кезегинде транспорттук тутумдун өнүгүшүнө өбөлгө болуп, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтат", — деп айтылат маалыматта.

Мындай чара жол тыгынды азайтуу, автобус, маршруткаларда көзөмөлдү күчөтүү максатын да көздөй турганы кошумчаланды.
Бишкектин борбордук бөлүгүнөн кичи автобустарды алуунун экинчи этабы башталды