Сот Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты

Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүрүүгө шектелип жаткан Казакстандын мурунку экономика министри Куандык Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды.
Сот Бишимбаев Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлүмгө кептеген деп тапкан.
Кылмышты жашырган деп айыпталып жаткан Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилди.
Эске салсак, Астанада мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жубайын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалган. ЖМКлар Бишимбаев ресторанда мас болуп аялын сабап салганын, ал Тез жардам келгенге чейин көз жумганын жазышкан.
Казакстандын ИИМи ресторанда мушташ болуп, андан аял каза тапканын гана тастыктаган. Куандык Бишимбаев 43 жашта. 2018-жылы жемкорлукка айыпталып 10 жылга соттолгон, бирок бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыккан. Абактан чыккандан кийин биринчи аялы менен ажырашып, Салтанат Нукеновага баш кошкону айтылды.
Балка менен уруп... Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн киши камакка алынды