"Манас" аэропорту жүргүнчүлөрдү каттоодо убактылуу өзгөртүү киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы убактылуу 2-кабатка көчүрүлдү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Мындай иштер жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жергиликтүү учуу залынын жана стерилдүү аймактын катталуучу жерин кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу жасалууда.
"Каттоодон 2-кабаттан өткөн соң жүргүнчүлөр 1-кабатка түшүп, текшерүүдөн өтүп, андан соң учакка түшүшөт. Алардын жүктөрү С секторунда (эл аралык авиакомпаниялар үчүн жүктү кабыл алуу залында) берилет", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектен Сочиге аба каттамдар жанданат