"Социалдык келишим" боюнча иш баштагандарга 200 миң сом ссуда берүү пландалууда

Эки жылда 12 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, алардын 23ү ар кандай себептерден улам планын ишке ашыра албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. "Социалдык келишим" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыргандарга 200 миң сомдон ссуда берүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекова "Социалдык келишимдин" көлөмүн көбөйтүүнү сураган.
"100 миң сомдон алып ийгиликтүү иш кылып жаткандар бар. Аларга 200 миң сомдон ссуда катары берүүнү пландаштыруудабыз. Учурда банктар менен макулдашуулар жүрүп, тийиштүү нормативдик документтер даярдалууда. Каражат үч жылга пайызсыз берилет. Анын пайызын мамлекет өзүнө алат", — деди Полотова.
Ошондой эле ал эки жылда 12 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, алардын 23ү ар кандай себептерден улам планын ишке ашыра албай калганын кошумчалады.
Эске салсак, бийлик жакырчылыкты жоюу жана калкты иш менен камсыз кылуу максатында эки жылдан бери "Социалдык келишим" долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында былтыр 10 миң муктаж үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилсе, быйыл бул көрсөткүч 23 миңге жеткириле турганы маалымдалган.
"Социалдык келишим" долбоору боюнча кимдерге артыкчылык берилери айтылды