Кыргызстанда бир жылда айлык 11%га өстү. Кимдики канчага жогорулаган

Экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндө өсүш байкалган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда январь-март айларына карата орточо айлык акы 34 046 сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине карата 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
Бул маалыматка чакан ишканалар кирген эмес.
Керектөө бааларынын индексин эске алганда эмгек акынын өлчөмү 5,3 пайызга өскөн. Экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндө өсүш байкалган.
Айлык акы көбөйгөн тармактар:
кызмат көрсөтүүлөр — 41,7 пайызга;
дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо — 39,4 пайызга;
суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо жана экинчи сырьёну алуу — 32,8 пайызга;
курулуш — 32,6га;
кен казып алуу — 26га;
илимий, техникалык ишмердүүлүк — 22,8 пайызга;
кыймылсыз мүлк операциялары — 22 пайызга;
транспорт ишмердүүлүгү жана жүк сактоо — 21,4 пайызга.
Радио
Арзиев: ишкерликти өнүктүрүүгө коомдун да таасири чоң