Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө 250 миллионго жакын адам астма менен ооруйт деп катталган. Бирок бул сандар чындап келгенде үч эсе көп. Болгону алар кооптуу ооруга чалдыкканын билбей турганын жана жыл сайын илдеттен 450 миңге жакын адам каза болорун Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бронхиалдык астма менен ооруган бейтаптардын 70 пайызы мурда аллергиялык ринит менен жабыркагандар болуп эсептелет.
"Ата-энеси бронхиалдык астма, ошондой эле аллергия менен ооруган балдарда астмага кабылуу коркунучу жогору. Ошондой эле көчөдөгү жана үйдөгү чаң, үй кенеси, чөп, дарак, гүлдөрдүн чаңчалары жана алар пайда кылган аллергия, жаныбарлардын жүнү, көк баскан бөлмө, зыяндуу заттар менен иштөө, жашаган жердин экологиясы жана дары-дармектер астмага жеткирет. Аллергиялык ринит да дарылабаса бронхиалдык астмага өтүп кетет. Астма — бул өтө коркунучтуу оору. Астма менен жабыркагандардын дем алуу жолдору түтүн, ыш, стресс, суук, тамеки, вирустук инфекция, айрым тамак-аштар, кескин жыттарга абдан сезимтал келет. Адам дүүлүктүргүчтөргө кез келгенде бронхторунун булчуңдары жыйрылып, дем алуу жолу ичкерет. Бул дем алууну оорлотот жана астманы күчөтөт. Андыктан бейтаптарга өпкө түтүктөрүн кеӊейтүүчү чачма дары жазып берилет. Учурда заманбап медицина астма менен күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишти. Мурда астма менен ооругандар майып катары кабыл алынса, бүгүнкү күндө бул оору ийгиликтүү дарыланып жатат. Бронхиалдык астма — өнөкөт оору, биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен анын азыраак кармашына жана ооруну күчөтпөй ошол калыбында кармап турууга болот. Аны туздуу шахталарда, көл жээгинде дарылоо, көнүгүүлөр, ийне менен дарылоо, бийик тоо климатында дарылоо жакшы натыйжасын берип келет", — деди Естебесова.
Ал бронхиалдык астма менен ооруган бейтап сасык тумоого каршы вакцина алып коюшу керектигин кошумчалады.