Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдик өз аскерлеринин Украинадагы жаңжалга түз катышуусун четке какты

Брюссель бул кепилдиктерди эң ​​кеч дегенде июлдун башында берүүгө ниеттенип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Евробиримдик Украинага коопсуздук кепилдигин берүү боюнча келишимдин долбоорун макулдашты. Бул тууралуу Германиянын Welt басылмасы жазды.
"Долбоорго ылайык, Евробиримдиктин аскерлери Украинада Россияга каршы согуштук аракеттерге түз катышпайт. Украинага чабуул жасалса ЕБ Киевге муктаждыктары боюнча сутка ичинде кеңешин сунуштайт", — деп айтылат материалда.
Талкууланып жаткан коопсуздук кепилдиктери Украинага саясий, аскердик жана экономикалык жардам көрсөтүүнү камтыйт. Ал өлкө Евробиримдикке жана НАТОго киргенге чейин жарактуу. Басылма Брюссель бул кепилдиктерди эң ​​кеч дегенде июлдун башында берүүгө ниеттенип жатканын белгилеген. Документтин версиясынын долбоору Киев менен талкууланууда.
Президент Владимир Зеленский Украина менен АКШ коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдин үстүндө иштей баштаганын 23-апрелде билдирген. Былтыр Вильнюста өткөн НАТОнун саммитинде "Чоң жетилик" өлкөлөрү Киевди колдогон декларацияны кабыл алышкан. Бирок анда коопсуздук боюнча милдеттенмелер, альянска мүчөлүк убадасын аткаруунун конкреттүү мөөнөтү каралган эмес.
Былтыр августтун соңунда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев үчүн коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөргө комментарий бергенде бул процесстин маңызы түшүнүксүз экенин, анда Россиянын кооптонуусу айтылбаганын жана анын катышуусуз мындай маселелерди чечүү бир тараптуу болорун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украинага башкача талап коюу зарылдыгы айтылууда