АКШ Израиль эл аралык милдеттенмелерди бузганын моюндады

Америка куралын колдонууда карапайым калкка келтирген зыянды азайтуу тажрыйбасы эске алынбай калганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Израиль Америка берген куралды жай тургундарды коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди бузуу менен пайдаланды деп эсептегенге негиз бар. Бул тууралуу АКШнын администрациясы Конгресске жасаган докладында айтылганын РИА Новости жазды.
Маалыматта америкалык куралды колдонууда карапайым калкка келтирген зыянды азайтуу тажрыйбасы эске алынбай калганы белгиленет.
"Израиль АКШда өндүрүлгөн коргонуу каражаттарынан көз каранды экенин эске алганда, 7-октябрдан бери куралдар Израилдин аскерлери тарабынан эл аралык милдеттенмелерге ылайык колдонулбай жатканы жөнүндө айтууга негиз бар", — делет докладда.
Мамдепартамент Израилдин жана ар кандай куралдуу кагылыштарга катышкан алты өлкөнүн курал колдонуусун изилдеген. Эгерде кайсы бир өлкө эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузганы же АКШ колдогон гуманитардык жардамды жеткирүүгө тоскоолдук кылганы аныкталса, бул АКШнын аскердик жардамын токтотууга алып келиши мүмкүн.
Шаршемби күнү Пентагондун башчысы Ллойд Остин Израилге курал-жарак жеткирүүдө тыныгуу болгонун ырастап, сөз аскердик жардамдын бир партиясы жөнүндө болуп жатканын белгиледи. Кийинчерээк Байден CNN телеканалындагы маегинде эгер Газа тилкесиндеги аскердик операция түштүктөгү Рафах шаарына жайылса, анда Израилге авиабомбаларды жана артиллериялык снаряддарды берүүнү токтоторун айткан.
Эске салсак, Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кеткен. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган. Тараптардын аймактык кызыкчылыгына байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Байден Газадагы миңдеген кишинин өлүмүнө АКШнын катыштыгы бардыгын моюндады