Радио

Насирдинов: дыйкандардын агрардык билимин жогорулатууга басым жасалат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов дыйкандар чогуу бир стандарттуу иш алып барышса мамлекет ар тараптуу колдоого аларын айтты.
Sputnik
Дыйкандардын агрардык сабаттуулугун жогорулатып, санариптик технологияларды колдонууну үйрөтүү зарыл. Алар үрөн тандоодон баштап, өндүрүлгөн продукцияны сатууга чейинки билимин жакшыртышы керектигин Самат Насирдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин дыйкандар өз алдынча иш алып барышса, эми кайра иштетүүчү жана экспорттоочу компаниялар менен түздөн-түз кызматташа алат.
"Биздин шартта дыйкандардын агрардык билимин жогорулатуу абдан маанилүү фактор болуп турат. Санариптик технологияларды колдонууну өздөштүрүү аркылуу бир топ жеңилдиктерди алышат эле. Үрөн тандоодон баштап, өндүрүлгөн продукцияны сатууга чейинки билим дагы керек. Негизи дыйкандар биригип, бир стандарттуу иш алып барышса мамлекет ар тараптуу колдоого даяр. Мындан ары алар кайра иштетүүчү жана экспорттоочу компаниялар менен түздөн-түз кызматташуу мүмкүнчүлүгүн алып жатышат",— деди Насирдинов.
Ошондой эле ал айыл чарба продукциясын сатуудагы маселе жөнгө салынбаса кыйынчылыктар жоюлбай турганын кошумчалады.