Аба ырайынын өзгөрүшүнөн ден соолук начарласа эмне кылуу керек?

Улгайган адамдарда аба ырайына көз карандылыктын алгачкы белгилери адатта жаратылыштагы өзгөрүүдөн 1-2 күн мурун пайда болуп, бир нече күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Адамдын денеси 37 градуска жакын температураны кармап турат. Аба ырайынын өзгөрүшү өзгөчө улгайган адамдардын организмине таасирин тийгизет. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, адам температураны гана эмес, басымды, нымдуулукту, магниттик жана электр талаасындагы өзгөрүүнү сезет.
Улгайган адамдарда аба ырайына көз карандылыктын алгачкы белгилери адатта жаратылыштагы өзгөрүүдөн 1-2 күн мурун пайда болуп, бир нече күнгө созулат.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
кыжырдануу;
алсыздык;
көңүл коюунун начарлашы;
кан басымынын өзгөрүшү;
булчуң оорусу;
мурундан кан агуу;
баш айлануу;
баш оору жана башка өнөкөт оорулардын күчөшү.
Бул учурда төмөндөгү эрежелерди эске алуу зарыл:
Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасап, күнү бою кыска, ийкемдүү кыймылдарды жасоо керек. Бул кан тамырлардын жана булчуңдардын формада болушуна жана кандын бүт денеде жакшы айланышына мүмкүндүк берет.
Кеминде 7-8 саат уктоо зарыл. Дени сак уйку – дени сак мээнин ачкычы.
Күнүнө 1,5 литрден кем эмес суюктук керектөө шарт. Суу дененин иштеши үчүн зарыл. Кофени күнүнө 1-2 чөйчөктөн ашык ичпөөгө аракет кылып, ар кандай спирт ичимдиктерин колдонууну азайтыңыз.
Туура тамактануу. Тамак-аш денебиздеги ар бир клеткага энергия берет. Күнүмдүк жеген тамактын курамына көңүл буруңуз, алмаштыруучу азыктарга жана консерванттарга эмес, табигый витаминдерге жана ингредиенттерге бай диета кармаганга аракет кылыңыз.
Травматолог адамдар өздөрү байкабай жүргөн оору тууралуу түшүндүрдү