"Тазалык" ишканасы жолдорду жууп-тазалоочу техника сатып алды. Сүрөт

Жакында мэрия 100дөн ашык атайын техника сатып алууну пландап жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектин "Тазалык" ишканасы жолдорду жууп-тазалоочу төрт техника сатып алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
1 / 3

Бишкектин "Тазалык" ишканасы жолдорду жууп-тазалоочу төрт техника сатып алды

2 / 3

Ишкананын кызматкерлери Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бордюрду, андан кийин Ахунбаев көчөсүндөгү жол сызыктарды жууп, мэр Айбек Жунушалиев менен орун басары Рамиз Алиевге техниканын ишин көрсөтүштү

3 / 3

Атайын унаалар жолдун бордюрларын тазалоого катышкан "Тазалыктын" кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздайт

Ишкананын кызматкерлери Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бордюрду, андан кийин Ахунбаев көчөсүндөгү жол сызыктарды жууп, мэр Айбек Жунушалиев менен орун басары Рамиз Алиевге техниканын ишин көрсөтүштү.
"Атайын унаалар жолдун бордюрларын тазалоого катышкан "Тазалыктын" кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздайт", — деп жазылган маалыматта.
Жакынкы эки-үч айда мэрия тарабынан 100дөн ашык атайын техника сатып алуу пландалып жатканы кошумчаланды.
Бишкектин борборунда жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийин пайда болду. Видео