Путиндин жардамчысы 9-майдагы парадга кайсы өлкөнүн лидерлери келерин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Москвада 9-май күнү өтө турган парадга сегиз өлкөнүн лидери барат. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, иш чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Куба, Лаос жана Гвинея-Бисау мамлекеттеринин лидерлери катышарын ырасташкан.
"Ошол эле күнү Владимир Путин Куба, Лаос жана Гвинея-Бисау лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ал эми Лаостун президенти Тхонглун Сисулит Дмитрий Медведев менен да жолугуп, Санкт-Петербургга барат", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышат